Беларуста ушул тушта камакта отурган «Белгазпромбанктын» мурдагы башчысы, президенттик шайлоодо талапкер катары катталбай калган Виктор Бабариконун видеокайрылуусу жарыяланды. Анда Бабарико саясий күрөш уланарын, ал үчүн жаңы партия же кыймыл түзүү зарыл экенин айткан. Анын башкы максаты конституциялык реформа жүргүзүү, экономиканы жандантуу жана адамдарга жарандык активдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү болорун белгилеген. Анын видеокайрылуусу камакка алынганга чейин жазылган.
Мындан көп узабай Бабариконун штаб башчысы Мария Колесникова «Бирге» деп аталган саясий партия түзүлгөнүн, жакын арада каттоодон өткөрүш үчүн тиешелүү документтер тапшырыларын жарыялады.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Виктор Бабарикону президенттикке талапкер катары каттабай койгон. Ал азыр «арам акчаны адалдаган, салык төлөөдөн качкан жана паракорчулук кылган» деп айыпталып тергөө абагында отурат. Анын штабы шайлоо алдында расмий каттоодон өтпөй калган Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкало менен Светлана Тихановскаянын штабдары болуп бириккен.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча, Александр Лукашенко 80%, Тихановская 10% ашык добуш алды деп маалымдалган. Бирок миңдеген жарандар жыйынтык бурмаланып, добуштар уурдалганын айтып, 9-августтан бери Минск баштаган бир катар шаарларда калайман каршылык акцияларына чыгып жатат.