Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Байден каршылык акцияларынан улам Трампты айыптады


Дональд Трамп менен Жо Байден.
Дональд Трамп менен Жо Байден.

Кошмо Штаттарында Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден айрым штаттардагы калайман каршылык акцияларынан улам президент Дональд Трампты айыптады. Ал "Трамп өлкөдө саясий зомбулукту козутуп жатат" деп айтты. Республикачылардын атынан ноябрдагы шайлоого кайрадан аттанган Трамп тескерисинче тоз-тополоңго байланыштуу Байден менен демократтарга доомат артууда.

АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында расалык теңсиздикти айыптаган жана полициянын реформасын талап кылган акция 1-сентябрга караган түнү да уланды. Шаардагы мындай нааразылык май айында афроамерикалык Жорж Флойд полициянын колунан каза тапкандан бери токтобой жатат. Дем алыш күндөрү Портлендде демонстранттар менен президент Трампты жактаган жүрүштүн катышуучулары кагылыша кетип, ашкере оңчул топторго тиешеси бар делген бир адам окко учкан.

Расалык теңсиздикке каршы жүрүштөр 23-августтан бери Висконсин штатындагы Кеноша шаарында да өтүп жатат. Буга 29 жаштагы афроамерикалык жаран Жейкоб Блейктин полициянын огунан жараат алганы себеп болду. Өткөн аптада Кеношада митингчилер полиция менен кагылышып, автоунаалар, имараттар өрттөнгөн.

Коронавирус пандемиясынын кесепети жана экономиканын солгундашы президент Дональд Трамптын рейтингин төмөндөтүп койгону белгилүү. Акыркы сурамжылоолор демократтардын талапкери Жо Байден алдыда келатканын көрсөтүүдө. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Эки талапкер тең бул шайлоону "тагдыр чечүүчү" деп мүнөздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG