Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:55

Кыргыз-өзбек чек ара өткөрүү пункттарындагы чектөө алынды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекети. Кадамжай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрү чек ара өткөрүү пункттарына пандемиядан улам киргизилген чектөөлөрдү алды.

1-сентябрдан тартып «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» чек ара бекеттеринен эки тарапка адамдар мурункудай каттай башташты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» билдиргендей, Өзбекстанга кирүүнү каалаган кыргызстандыктар акыркы 72 саат ичинде ПЧР-анализ тапшырганын, таза экенин тастыктаган кагазы болсо, карантинге алынбайт. Өзбекстандык жарандар үчүн мындай талап жок.

Коронавируска анализ тапшырбаган жарандар Өзбекстандын талаптарына ылайык белгилүү мөөнөткө карантинге алынат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети Ош облусунда, «Кызыл-Кыя» өткөрмө бекети Баткен облусунда, ал эми «Маданият» өткөрмө бекети Жалал-Абад облусунда жайгашкан.

Эки өлкө ортосундагы чек өткөрүү пункттарына коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында чектөөлөр киргизилип, эл ээн-эркин каттай албай калган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG