Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Министр Жунушалиев милиция кызматкерлерин мыйзамды сактоого чакырды


Кашкар Жунушалиев.

2-сентябрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ошко барып, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын иши менен таанышты.

Ал милиция кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, аларды мыйзамдуулукту сактоого, адамгерчилик, мекенчилдик жана тартиптүүлүк принциптерин жогору коюуга чакырды.

«Эл бизге ишенип, чоң үмүт менен карап турат, коомдук тартиптин жана мыйзамдын сакталышына биз жооптуубуз», - деди министр.

Андан кийин ал Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын түштүк башкармалыгынын иши менен таанышты.

Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушун көрдү.

12 кабаттуу, 240 батирлүү үй быйыл пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG