Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Казак аткаминерлерине чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салынат


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев мамлекеттик кызматкерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мындан ары чет мамлекеттердеги банк эсептерин ачууга тыюу салынарын билдирди. Өкмөт өкүлү 2-сентябрда бул көмүскө экономикага каршы күрөш жана каржылык көзөмөлдү катаалдатуу программасынын бир бөлүгү экенин айтты.

Мунун так алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда коррупциянын алдын алыш үчүн 2021-жылдан тартып мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлерге, депутаттарга жана судьяларга башка мамлекеттерде банк эсептерин ачууга тыюу салыш керек экенин билдирген эле.

Ушул жылдын март айында Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык эки хансарай менен бир батирге ордер чыгарган. Анда мекеме баасы 100 миллиондой долларга бааланган кыймылсыз мүлк «мыйзамсыз жол менен табылган акчага алынган» деген жүйө менен хансарайларга жумшалган каражат тууралуу түшүндүрмө талап кылган.

Назарбаева менен уулу бул иште соттон утуп алган. Бул окуя мурдагы казак президенти менен анын үй-бүлөсүнүн мүлкүнө байланыштуу талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG