Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Лукашенко Коопсуздук кеңешинин жана атайын кызматтын башчыларын алмаштырды


Валерий Вакульчик.
Валерий Вакульчик.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча комитетти жетектеген Валерий Вакульчикти дайындады. Ушул кезге чейин Мамлекеттик көзөмөл комитетин (Эсептөө палатасын) башкарган Иван Тертел атайын кызматтын башчысы болду. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги жазды.

Коопсуздук кеңешинин иштен алынган катчысы Андрей Равков дагы башка кызматка бара-барбасы азырынча белгисиз. Ал бул кызматка ушул жылдын январь айында дайындалган, ага чейин алты жыл коргоо министри болгон.

Жаңы дайындоолор Беларустун Минск баштаган бир катар ири шаарларында Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган калайман каршылык акциялары токтобой жаткан маалга туш келди.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодон кийин жеңишти өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого ыйгарган. Бирок оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская шайлоону өзү жеңгенин билдирип келет. Шайлоонун расмий жыйынтыгына каршылык билдирген түмөндөгөн эл үч аптадан бери дээрлик күн сайын көчөгө чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG