Орусияда адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы үчүн айыпталган белгилүү актёр Михаил Ефремов күнөөсүн мойнуна алды.
Соңку сот жараянында прокурор анын күнөөсү далилденгенин билдирип, 11 жылга эркинен ажыратып, үч жыл бою автоунаа айдоого тыюу салуу тууралуу өтүнүч келтирди.
Буга чейин Ефрмемов окуя тууралуу эч нерсе эстей албай жатканын айтып, күнөөсүн моюнга албай келген.
Прокурорлор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алганын, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаганын, мындан улам машинесин башкара албай калганын айтышкан. Ефремов буга чейин үй камагына алынып, анын мөөнөтү эмдиги жылдын 22-январына чейин узартылган.
Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы быйыл 8-июнда Москвада болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, актёр ичкилик ичип алып рулда баратканда жолдун каршы тарабына чыгып кеткен жана чакан фургонду сүзгөн. Кырсыктан кийин анын айдоочусу Сергей Захаров көз жумган.
Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Ефремов театрдагы жана кинодогу ролдорунан тышкары көпчүлүккө сатиралык долбоорлор менен таанылган.