Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта төө буурчактын башталгыч баасы жылдагыдан 15 сомго жогору болууда. Буга чейин бир килограммы 50 сомдун тегерегинде башталса, быйыл 60 сомдон 65 сомго чыкканын Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмил Тууганбаев билдирди.

Быйыл облус боюнча 59 118 гектар төө буурчак айдалган, бул былтыркыга салыштырганда миң гектарга көп. Расмий эсепте аймактагы дыйкандардын 55% төө буурчак багат. Учурда түшүмдү жыйноо кызуу жүрүп жатат.

Таластын төө буурчагы дүйнөнүн 38 мамлекетине экспорттолот. Көбүн Орусия, Казакстан, Түркия, Иран, Ирак жана Болгария мамлекеттери сатып алышат.

2014-жылы килосунун баасы 120 сом болуп, эң жогорку көрсөткүч болгон.

Төө буурчак Кыргызстанда негизинен Талас облусунда айдалат.

XS
SM
MD
LG