Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар сотко УКМКнын өкүлү катышканына нааразы болушту


Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылы. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн кире бериши. 2019-жылдын 8-августундагы операциядан кийинки көрүнүш.
Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылы. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн кире бериши. 2019-жылдын 8-августундагы операциядан кийинки көрүнүш.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 4-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча жараян уланууда. Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргендей, сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери көрсөтмө бергени жатат. Жабык жараянга атайын кызматтын өкүлү да келип, катышып жатканына айыпталуучу тарап жана алардын адвокаттары каршы болушкан.

«Бүгүн УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери келип көрсөтмө бермек. Биз муну УКМКнын көрсөтмө бере турган кызматкерлерге басым көрсөтүү аракети катары эсептейбиз. УКМК соттук жараянды көзөмөлдөп жатат деп баалайбыз».

Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, сот айыпталуучу тараптын каршылыгын четке какты жана УКМКны бул иште жабырлануучу деп таап, атайын кызматтын өкүлүнүн жараянга катышуусуна макулдук берди.

Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар, жалпы 19 киши айыпталып жатат.

Күбө катары тергөөгө келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган. Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланган.

Операция оңунан чыкпай, эртеси да уланган. Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынган. Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кой-Таш окуясы боюнча сот башынан бери жабык каралууда. (NT)

XS
SM
MD
LG