Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

COVID-19: Түркмөнстанда ооруканалар толуп жатканы кабарланды


Түкмөнстан. Ашхабад.
Түкмөнстан. Ашхабад.

Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын ооруканаларынын кызматкерлери 3-сентябрда журналисттерге акыркы үч жумадан бери кырдаал өтө оорлоп кеткенин, каза болгондор да көбөйүп жатканын билдирген.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бийлик вирустун жайылышын азайтуу аракетин көргөнү менен бейтапканалар толуп калганы айтылып жатат. Медкызматкерлер бийлик өздөрүн эки жума бою карантинге алынган зоналарда иштөөгө мажбурлаганын, коргонуу каражаттарын өз чөнтөгүнөн сатып алышканын айтышты.

Айрым ооруканалардын тажрыйбалуу медайымдары эки айдан ашуун убакыттан бери үй бетин көрө элек экенин маалымдашты. Расмий Ашхабад мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок деген позицияда. Ага ишенгендер дээрлик жокко эсе. Түркмөнстандыктар оору жугузуп алуудан кооптонуп, ооруканага барбай эле үйдө дарыланып жатканы кабарланууда.

Өпкөнү сезгентүүчү вирус жугузуп алгандан кийин каза тапкандардын сөөгүн желим баштыктарга салып туугандары алып кетип жатканы маалым болду.

Статистика боюнча дүйнөдө илдеттен каза болгондор 879 миңден ашты, 26 миллиондон ашык адам аны жугузуп алды.

XS
SM
MD
LG