Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Министрлик элди балдар оорусу тууралуу жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды


Балдардын бут кийимдери. Бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт.
Балдардын бут кийимдери. Бала бакчалардын биринен тартылган сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 5-сентябрда Интернеттеги социалдык тармактарда тараган балдардын оорусу тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, ага ишенбөөгө элди чакырууда.

Буга чейин WhatsApp аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде оор абалда ооруп жаткан балдар жапырт катталып жатканы, аларды кабыл алууга бош орундардын жоктугу тууралуу маалымат тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты төгүндөдү. Мекеменин билдирүүсүндө, азыр бардык балдар ооруканалары иштеп жатат жана балдар арасында эпидемия жок. Бишкектеги бейтапканаларда орундар бош турат. Ысык-Көл облусунда балдарды кабыл алуу үчүн жалпы 121 орун даярдалган, анын 115и бош.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

COVID-19 илдети менен байланышкан оору балдар арасында кездешип жатканын мурдараак Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова брифингде маалымдаган.

XS
SM
MD
LG