Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Саясий репрессияларга каршы комитети партияларды «Бүтүн Кыргызстанга» тилектештик билдирүүгө чакырды


Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы күрөш комитети 6-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган партияларга жана жарандарга кайрылды. Комитет Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) катоосунан өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына тилектештик билдирүүгө чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө каттоодо кош стандарттуулукка жол берилгени айтылат. Шайлоо эркин өтүп, анын жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылышы үчүн саясий жарыш атаандаштыкта өтүшү керек экендиги, антпесе элдин нааразылыгы күчөп, Беларустагыдай каршылыкка айланып кетиши мүмкүн экени белгиленген.

Кайрылууда Боршайком бийликтин таасиринен чыга албай, тандап чарап көрүп жатканы тынчсыздандырып турганы, бул жагдай аталган орган өз алдынча чечим чыгара албайт деп айтууга негиз болуп бергени кошумчаланган.

Уюмдун кайрылуусунда коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин шайлоого кийлигишүүсүнө, административдик ресурс колдонулушуна жана добуш сатып алууга жол бербеш үчүн жарандык көзөмөлдү күчөтүшү керек экени айтылган.

БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган. Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG