Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

Ала-Букада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери нааразылык билдиришти


«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган талапкерлер БШК каттабай койгондон кийин өткөн басма сөз жыйынында.
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган талапкерлер БШК каттабай койгондон кийин өткөн басма сөз жыйынында.

Ала-Букада 5-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине нааразылык билдиришти.

Бул тууралуу маалымат аталган партиянын өкүлдөрүнөн алынды. Ага ылайык, партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишти. Чогулгандар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышты.

БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргызстанда алтынчы чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (NT)

XS
SM
MD
LG