Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

COVID-19: АКШ бийлиги жарандарды майрамдык эс алууда сак болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдүн коронавируска каршы күрөш боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү америкалыктарды оорунун жайылышынын алдын алыш үчүн сактык чараларын көрүүгө чакырды. Кошмо Штаттарда сентябрдын алгачкы дүйшөмбүсүндө Эмгек күнү белгиленет жана анда жарандар узак эс алууга чыгып, тууган-уругу, жоро-жолдоштору менен жолугуп, жаратылышка чыгып эс алуу салтка айланган.

АКШда быйыл май жана июль айларындагы майрамдардан кийин СOVID-19 менен ооругандар көбөйгөн.

Флориданын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү айрыкча коомдук жайларда, пляждарда жарандар социалдык аралыкты сактап, беткапчан жүрүшү керек экенин эскертти.

АКШда ооругандардын жалпы саны 6,26 миллион адамга жетип, 188 миңдей бейтап көз жумду.

Латын Америкасы дагы эле оору очогу бойдон калууда. Мексикада 5-сентябрда алты миңден ашык адамдан оору аныкталды. Бразилияда бир күндө коронавирус 30 миңден көп кишиден табылды.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө да COVID-19ду жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Францияда башка мамлекеттерге салыштырмалуу көрсөткүч бир топ жогору. Апта аягында оору дээрлик тогуз миң адамдан табылды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Бул Испанияга салыштырмалуу эки, ал эми Италияга салыштырмалуу төрт эсе көп.

XS
SM
MD
LG