Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

АКШ өзбекстандык журналист Абдуллаевдин жагдайына тынчсызданды


Бобомурад Абдуллаев.
Бобомурад Абдуллаев.

Кошмо Штаттар Кыргызстанда кармалып, Ташкентке экстрадицияланган өзбекстандык журналист Бобомурад Абдуллаев боюнча дагы эле тынчсызданып жатканын билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси тараткан билдирүүдө Абдуллаев Ташкентте бошотулганы менен анын макамы дагы эле түшүнүксүз бойдон калып жатканы жазылган.

Вашингтон өзбек президенти Шавкат Мирзиеевду журналисттердин оюн эркин билдирүү укугун сыйлоого жана Абдуллаевге каалаган жагына барууга уруксат берүүгө чакырды.

Ошондой эле АКШ Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдуллаевди кыйноого алганы боюнча кабарлар, Бишкектин журналистти экстрадициялоо чечими тууралуу да тынчсызданган.

Бобомурод Абдуллаев Кыргызстанда кыйноого кабылганын өзбек укук коргоо органдары аны үй камагына бошоткондон кийин айтып чыккан.

Кыргызстандын атайын кызматы Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкек соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган. Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Мурдараак журналистке Өзбекстандын укук коргоо органдары Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG