Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Мексикада кылмыштуулук күчөгөндүктөн жарандар митингге чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мексикада зомбулукка кабылгандардын жана уурдалып кеткен адамдардын жакындары бир нече күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Жекшембиде аларга феминисттик кыймылдардын өкүлдөрү кошулду. Алар Адам укуктары боюнча улуттук комиссиянын ишине нааразылык билдиришти. Чогулгандардын эсебинде бул мекеме пандемия шылтоосу менен аялдардын жана дайынсыз жоголуп, уурдалып кеткендердин көйгөйлөрүнө көз жумуп жатат.

Акциянын катышуучулары Мексика президенти Андрес Мигел Лопес Обрадорду алардын кайгы-муңуна көңүл бурууга чакырышты. Ал 2018-жылы бийликке келгенде өлкөдө кылмыштуулукту азайтууга убада берген. Бирок баңгизат картелдерине байланыштуу киши өлтүрүү менен адам уурдоо тыйылбай эле күчөп келатат.

Быйыл мартта эки жарым миңдей киши өлтүрүү фактысы катталган. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG