Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Орусия чет элдик студенттер боюнча жалпы жобо иштеп чыгат


Москвадагы Жогорку экономикалык окуу жайы.
Москвадагы Жогорку экономикалык окуу жайы.

Мындай маалыматты Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко 7-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушкан учурда билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантуу, кыргызстандык студенттердин жана ыктыярчы дарыгерлердин Орусияга киришине уруксат берүү маселеси тууралуу сөз болду.

Элчи Аликбек Жекшенкулов кыргызстандык жарандардын Орусияга тоскоолдуксуз киришине шарт түзүү жана туруктуу аба каттамдарын жандантуу бүгүнкү күндүн зарыл маселеси экенин белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко бул маселе мамлекеттик органдардын кароосунда экенин, көйгөй кыргызстандык 16 миң студентке гана эмес, Казакстан, Өзбекстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн 70 миңдей студентине тиешелүү экенин айтты. Анын сөзүнө караганда чет мамлекеттерден келип Орусияда окуп жаткан 300 миң студенттин баарына жалпы жобо иштелип чыгат.

Элчи Аликбек Жекшенкулов пандемия күч алганда мекенине кетип, ыктыярчылык кылып иштеген кыргызтандык медицина кызматкерлеринин Орусиядагы иштерине кайтуусуна да көмөктөшүүсүн министрдин орун басарынан суранды.

Жолугушууда мындан тышкары коронавируска каршы вакцина жөнүндө да сөз болду. Натыйжада Орусия Кыргызстанга COVID-19 вирусуна каршы вакцина бере турганы айтылды. Ошондой эле тараптар Орусия менен Кыргызстандын соода алака, маданий кызматташтыгын жандантууну да сүйлөштү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусиянын окуу жайларында окуган 500гө жакын студент жана алардын ата-энелери 7-сентябрда президенттик аппараттын башчысына кайрылышкан. Алар Орусияда дистанттык окутуу жокко чыгарылганын, 1-сентябрдан тартып кадимкидей окуу башталганын билдирип, өлкөгө кирүүгө көмөктөшүүсүн аппарат башчысынан суранышкан.

Июль айында пандемия күч алган кезде Кыргызстанга иштегени келген ыктыярчы дарыгерлер да Орусиядагы иш орундарына кайта албай жатышканын айтып, даттанышкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия 18-марттан тартып чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын жапкан. Пандемия басаңдаган убакта COVID-19 вирусуна коркунучсуз айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын жандантып, алардын жарандарына өлкөгө киришине уруксат берген. Ал өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG