Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Быйыл мамлекеттик бюджеттен 20,4 млрд. сом карыз төлөөгө сарпталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, мунун ичинен 14 млрд. 794,6 млн. сом негизги карызга, пайыздарды төлөөгө беш млрд. 245, 8 млн. сом жумшалды.

Сырткы карызды төлөөгө сегиз млрд. 852,1 млн. сом, ал эми ички карызды жабууга 11 млрд. 188,3 млн. сом бөлүнгөн.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы төрт млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Маалыматка ылайык, июль айында мамлекеттин карызы 50,09 млн. долларга көбөйдү. 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт млрд. 599,47 млн. (371 млрд. 683,52 млн. сом) доллар болчу.

Июль айынын аягындагы көрсөткүч боюнча мамлекеттин карызы ички дүң өнүмдүн (ИДө) 63,49% түздү.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - бир млрд. 861,00 млн. доллар (44,7%) көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. Бир млрд. 776,29 млн. доллар (42,6%) Кытайдын Эксимбанкына карыз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG