Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

БШК менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши сотто каралып жатат (түз эфир)


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 202-жыл.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 202-жыл.

Бишкектин административдик сотунда 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген доо арызы каралып жатат.

Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Бошайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакырылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган.

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстандын» доо арызын 7-сентябрда кечке жуук карай баштаган. Сотко кошумча күбөлөрдү чакыруу тууралуу тараптардын өтүнүчүнөн улам жараян 9-сентябрга жылдырылган.

Ушул тапта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттун калыстыгын талап кылышууда.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG