Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Кыргызстан эл аралык донорлордон 338 млн. доллар алды


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып 9-сентябрга чейин эл аралык донорлордон 338 млн. АКШ долларын алды. Анын басымдуу бөлүгү - насыя. Алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталды. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев донорлордон алынган акчанын канчасы насыя, канчасы грант экени жана анын сарпталышы боюнча толук маалымат берген жок.

Өкмөт буга чейин тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алынган каражаттын көбү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пул төлөөгө жумшалды.

Эркин Асрандиев коронавирус илдети басаңдап калгандыктан акча калкты таза суу менен камсыз кылууга, жолдорду оңдоого, ирригация системасына, социалдык объектилерди курууга да сарпталып жатканын айтты.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы төрт млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Июль айында мамлекеттин карызы 50,09 млн. долларга көбөйдү. 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт млрд. 599,47 млн. (371 млрд. 683,52 млн. сом) доллар болчу.

Июль айынын аягындагы көрсөткүч боюнча мамлекеттин карызы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 63,49% түздү.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - бир млрд. 861,00 млн. доллар (44,7%) көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. Бир млрд. 776,29 млн. доллар (42,6%) Кытайдын Эксимбанкына туура келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG