Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Вудворд: Трамп коронавирустун коркунучун атайлап азайтып сүйлөгөн


Боб Вудворд.
Боб Вудворд.

АКШнын президенти Дональд Трамп пандемия башталганда жасаган билдирүүлөрүндө жаңы коронавирустун коркунучун атайылап азайтып сүйлөп жатты. Бул тууралуу америкалык ардагер журналист Боб Вудворд жаңы китебинде жазды. Ага ылайык, 19-марттагы интервьюсунда президент ызы-чуу жаратпаш үчүн ошенткенин моюнга алган.

Автор Трамп дагы бир интервьюда «коронавирус силердин сасык тумооңордон да кооптуу, көп адамдын өмүрүн алат» деп айтканын мисал келтирген.

9-сентябрда «Washington Post» гезити китептен үзүндүлөрдү жана айрым маектердин аудиосун чыгарды.

Вудворддун пикиринде, «Трамп федералдык өкмөттү толугу менен мобилизациялагысы келбегендей, маселелерди штаттар өздөрү чечсин дегендей» мамиле кылган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кейли МакЭнани президент оор учурда токтоо болууну көздөгөнүн айтты. «Президент COVIDге байланыштуу америкалык коомго эч качан калп айткан эмес, паникага алдырбоону көздөгөн», - деп жооп берди китеп тууралуу суроого МакЭнани шаршемби күнү брифингде.

Апрелдеги басма сөз жыйынында Трамп ушундай эле мазмунда комментарий берген.

Ноябрдагы президенттик шайлоо алдында мамлекет башчы демократ атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байдендин сынына туш болуп келет. Байден администрация пандемияны жакшылап ооздуктай алган жок деп эсептейт. COVID-19 Кошмо Штаттарда 190 миңдей кишинин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG