Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

АКШнын түндүк-чыгышында токойлор өрттөнүп жатат


Калифорния.
Калифорния.

АКШнын Орегон штатында токойлорду өрт чалып, жүздөгөн турак жай кыйрады. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөштү улантып жатышат.

Бийлик жабыркаган аймактардын жашоочуларын коопсуз жайларга чыгып кетүүгө чакырды. Курман болгондор тууралуу маалымат жок.

Орегондун губернатору Кейт Браун жергиликтүү тургандарды баарына даяр болуп турууга чакырды.

Штатта өрт 7-сентябрда башталып, катуу шамалдан улам тез жайыла баштаган. Браун бери дегенде беш шаар жабыркаганын кошумчалады.

Кошуна Калифорнияда өрт менен он миңден ашуун өрт өчүрүүчү күрөшүп жатат. Ал жакта үч киши өлгөнү кабарланды.

Быйыл өрт Калифорнияда 2,5 миллион гектар токойду жок кылган.

XS
SM
MD
LG