Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Арменияда төрт айлык карантин жарыяланды


Еревандын көчөлөрү. 11-июль, 2020-жыл.
Еревандын көчөлөрү. 11-июль, 2020-жыл.

Армения өкмөтү өлкө боюнча төрт айлык карантин жарыялады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү 11-сентябрда аяктады. Ошону менен алты айдан берки өзгөчө кырдаал режими да соңуна чыкты. Анткен менен өкмөт айрым чектөөлөрдү калтырып, 2021-жылдын 11-январына чейин узартты.

Жаңы чечимге ылайык, Арменияга автоунаа менен чет элдиктердин киришине тыюу салынат. Болгону дипломатиялык кызматкерлер, жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына жана жакындары каза болгондорго гана уруксат берилет.

Эл аралык каттамдар ачылат, бирок чет жактан келгендердин баары текшерилет.

Өлкөдө алтымыштан көп кишиге чогулууга болбойт. Бардык коомдук иш-чаралар санитардык эрежелер сакталган шартта өтүшү керек. Беткапсыз көчөгө чыкканга тыюу салынат.

Беткап тагынбай чыккандарга 20 доллардай айыппул салынат. Ал эми обочолонуу режимин, коомдук иш-чара өткөрүү эрежелерин бузгандарга $400 доллардай айыппул каралган.

11-сентябрга карата Арменияда коронавируска чалдыккандардын саны 45,5 миңден ашты. Миңден көп адам бул оорудан көз жумду.

XS
SM
MD
LG