Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

«Пашинян реформаны аягына чыгара элек»


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Арменияда «баркыт ынкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян өлкөнү коррупция сазынан чыгарып, бай-манаптарды бийликке жолотпоого, реформа жүргүзүүгө убада берген. Убадасын аткарып жатабы?

Никол Пашинян 2018-жылдын жазында жумалап созулган элдик толкундоолордун деми менен бийликке келген. Өлкөдөгү эң чечүүчү кызмат - премьер-министрликке киришкен саясатчы бардык тармактарда, өзгөчө сот тутумунда реформа жүргүзөрүн билдирген эле. Эки жылдан ашык убакыт ичинде өлкөдө кандай өзгөрүү болду?

Армениялык саясат талдоочу Степан Григорян кабарчыбыз Али Токтакуновдун суроолоруна жооп берди.

- Степан Георгович, эки жыл мурда Ереванда мени менен маектешип жатып сиз «Армениядагы бийлик жаңыланууда, жыйынтыкты күтө туралы» дегенсиз. Ошол 2018-жылдын аягында парламенттик шайлоо өтүп, Пашиняндын командасы толук бийликти ээледи. Андан бери Армения кайсы жагына өзгөрдү?

- Албетте, жылыштар бар экени талашсыз. Эгер парламент жөнүндө айта турган болсок, криминал дээрлик жокко эсе. Олигархия да дээрлик жокко эсе. Башкача айтканда революциянын лидери Никол Пашиняндын фракциясы парламенттин 70% ээледи. Алардын көбү жаштар. Бирок эл партияга эмес, Пашинянга добуш берген. Демейдегидей эле ал ирет да лидерлердин жарышы болгон. Бул көрүнүш терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Өкмөттүн диктаты бүгүнкү күнү так көрүнүп турат. Башкача айтканда, парламент өкмөттү эмес, өкмөт парламентти көзөмөлдөөдө. Парламенттик башкаруу системасында тескерисинче эмеспи. Бир чети жаштардын көптүгү жакшы болгону менен өткөн эки жыл баарыбир саясий жана турмуштук тажрыйба абдан маанилүү экенин көрсөттү. Реформалар жай жүрүп жатат. Жаштар реформа ыкчам жүрүшү керек экенин түшүнбөй жаткандай. Анан калса жаштар өзүн ушунчалык күчтүү сезгендиктен, алар үчүн маселе жок сыяктанып атат. Бирок иш жүзүндө маселелер курчуй баштады. Мурдагы бийлик, анын ичинде ал бийликтин коррупциялашкан тобу катуу чабуул баштады. Алардын колундагы медиа керээлден кечке негизсиз да, негиздүү да сындап атат.

- Сыягы Арменияда ыңгайлуу учурду күтүп турган мурдагы бийлик кайра жандана баштагандай. Экс-президент Серж Саргсян эки жылдан ашык убакыттан бери жакында алгачкы басма сөз жыйынын өткөрдү. Айрым саясат талдоочулар «Арменияны «активдүү күз» күтүп атат» деп жатышат. Бул эмнени билдирет?

Степан Григорян.
Степан Григорян.

- «Активдүү күз» деген сөз бийликке каршы көп сандаган адамдын көчөгө чыгышы дегенди билдирет. Азыр дагы эле Никол Пашиняндын рейтинги жогору, бери дегенде 60% кем эмес. Ал үчүн коркунуч жоктой сезилет. Бирок кеп адамдын санында эмес, жигердүүлүгүндө. Мурдагы бийликтин маалымат каражаттары, чоң акчасы бар. Алар көптөгөн эксперттерди, юристтерди катарына тартып кетишкен. Аларды маалымат каражаттары менен кошо алганда чынында күз «ысык эле» болот. Алардын коомчулуктагы рейтинги 3% жогору болбошу мүмкүн. Бирок ошол колдоочулары жигердүү. Эмнеге? Анткени финансылык кызыкчылыктар бар. Жаш саясатчылар ушул тобокелчиликти түшүнбөй жатышпайбы.

- Сиз «өкмөт парламентти көзөмөлдөп калды» деп айттыңыз. Эгер супер-премьерлик улана берсе эмне болот? Эртеңки күнү Пашинян өзү диктаторго айланып кетпейби?

- Билесизби, бизди абдан тынчсыздандырган эмне болду? Мисалы, Пашинян Лукашенкону шайлоого байланыштуу дароо куттуктап жибергени тынчсыздандырды. Анда биз революцияны эмнеге жасадык? Эмне үчүн калыстык үчүн күрөштүк? Анткени Арменияда эле эмес, чет өлкөлөрдө да таза, айкын шайлоону колдоо үчүн күрөштүк да. Эми келип элден озунуп, Кытайдан кийин эле куттуктап жибердик. Анан Орусия, Кыргызстан, Казакстан куттуктады.

- Кантсе да өнөктөш эмеспи?

- Түшүнүп турам. Бирок бул Арменияга жарашпайт. Эмнеге? Куттуктаса да кечирээк куттукташы керек эле. Анткени бизде эл чоң үмүт менен революция кылды. Демек, сиз айткан коркунуч дайыма бар. Дурус кишини деле система өзгөртүп коюшу мүмкүн. Азыр система кандай иштеп атат? Баары эле Никол Пашинян чечим кабыл алса экен деп күтүп отурушат. Жаңы Конституцияны кабыл алып, буга чекит коюш керек. Азыр бир нече уюм биригип Конституциянын долбоору даярдалууда. Биз аны иштеп чыгып өкмөткө сунуш кылабыз.

Пашинян кызматына киришкенине 100 күн болгондо "Азаттыктын" кабарчысы Ереванга барып, убада, өзгөрүүлөр жана элдин ишеними тууралуу телеберүү тартып келген.

- Армениянын экономикалык абалы эки жыл мурда дурус эмес эле. Албетте, коронавирус кризисине байланыштуу дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле азыр да кыйынчылыкты баштан кечирүүдө деңизчи. Ошентсе да, ага чейин бир жылыш болду беле?

- Жөнөкөй эле бир мисал менен жакшы жагына өзгөрдү деп айта алабыз. Бизнести тоноо токтоду. Революцияга чейин расмий эле тоноо болуп келген. Ишкер аткаминерге акча берип турушу керек экенин баары билишчү. Ушунун өзү өзгөргөнү эле канчалык экенин түшүнүп атасызбы? Чакан-орто бизнести муунтуп, моюнуна минип алышкан. Олигархтар кутуруп кетишкен. Мисалы, бир олигарх Арменияга шекер ташыган монополист эле. Андан тышкары ким болбосун жүз килобу, бир тоннабы шекер алып кирем десе өмүрүнөн айрылуу коркунучу да бар болчу. Мен сизге купуя сырды ачып аткан жокмун, муну баары эле билчү. Ал эми азыр кимдин колунан келсе импорттой берет. Демек, бизнестин кенен дем алышына шарт түзүлдү. Башка маселе - коронавирус баарын аралаштырып жиберди. Пландарды бузду. Туризм токтоду, транспорт токтоду, мейманканалар жабык. Ал эми жалпысынан экономика эркин болуп калганы талашсыз.

- Коронавируска түздөн-түз көз каранды болбогон башка да маселелер бар эмеспи. Сиз айткан тоноочулук, мыйзамсыз акча жыйноо болуп келгени үчүн мурдагы президенттин жакындары кармалган эле. Миллиарддаган драм салык төлөбөй келген олигархтар аныкталып, айрымдары кармалган эле. Бирок ушул антикоррупциялык сот иштери аягына чыга элек. Бийликтин колун эмне кармап атат?

- Биерде абал татаал. Украинадагы жагдайга окшошуп кетет. Олигархтар же мурдагы аткаминерлер Орусияга качып кетип же берчүсүн берип кутулуп атышат. Кайсы бир сот жараяндары болуп атканы менен бири да аягына чыга элек. Бизди тынчсыздандырганы - сот реформасы аягына чыкпай жатат.

- Ошол эле мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп аткан 1-март ишин айталы...

- Сот системасы иштебей жатат дегениме дал ушул иш классикалык үлгү. Эч кандай сот жараяны жүргөн жери жок. Ошол 1-мартта өлгөндөрдүн жакындары, жабыркагандар, бул иш менен алектенген адвокаттар сотко катышуудан баш тартышты. Ушул ишке байланыштуу саясий куугунтукка кабылып, түрмөгө отуруп чыккандар да катышпай коюшту. Тилекке каршы, сот системасы реформаланбагандыктан ушул сыяктуу иштер бүлүнүп же аягына чыкпай жатат.

Прокуратура да ошол эле. Саясий көз карашы, каяша айтканы үчүн адамдарды камаган кишилер азыр ошол мурдагы жетекчилерин, Роберт Кочарянды тергеши керек болуп атат. Ошол эле адамдар, ошол эле иш ыкмалары калды. Албетте, реформага даярдык жүрүп жатат. Аны баалайбыз. Бирок эл реформанын өзүн күтүп атат.

XS
SM
MD
LG