Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Арменияда экс-президентти соттоо түйшүгү


Роберт Кочарян.
Роберт Кочарян.

Еревандын райондук сотунда өлкөнүн экинчи президенти Роберт Кочарян жана башка мурдагы жогорку кызмат адамдарынын үстүнөн сот иши 12-сентябрда да уланды.

Сот ишине судья Анна Данибекян жетекчилик кылууда. Роберт Кочарян сот залына жеткирилди. Ал эми сот имаратынын алдында Кочаряндын жактоочулары экс-президентти колдоо акциясын өткөрүштү.

Армениянын мурдагы президенти июнь айынан бери камакта отурат. Ал 2008-жылы 1-мартта Еревандагы нааразылык акциясында митингчилерди кууп таратуу иши боюнча айыпталууда. 11 жыл мурдагы окуяда сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Роберт Кочаряндын сот иши.
Роберт Кочаряндын сот иши.

Буга чейин, 9-сентябрдагы сотто Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды абактан бошотуу тууралуу арыз каралган. Кочаряндын жактоочулары Конституциялык соттун чечимине ылайык, сотко аны камактан бошотуу жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Анткени ушул айдын башында Конституциялык сот экс-президенттин июль айындагы камалышын мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми прокурорлор болсо, Конституциялык сот белгилегендей, Баш мыйзам Кочарянга өзгөчө макам бербей турганын жүйө келтирип жатышат.

9-сентябрдагы сотто адвокаттар да, прокурорлор да өз талаптарын айтып, жыйынтыгында сот Кочарянды абактан чыгарууга негиз жок деп тапты.

«Тилекке каршы, азыр Армения Республикасында советтик мезгилдеги прокурордук ыкманы колдонуу уланууда. Башкача айтканда баары камалып, кармалышы керек, анткени бардык адамдар кылмышкер же кылмыш кылууга жакын адамдар деп ойлошот», - деди Роберт Кочаряндын адвокаты Арам Орбелян.

1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган Кочарян «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган», «үч миллион доллар өлчөмүндө пара алган» деп айыпталып жатат. Эгер бул айыптар боюнча анын күнөөсү далилденсе, 65 жаштагы экс-президент 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул сот постсоветтик Армениянын тарыхындагы эң чуулгандуу иш катары мүнөздөлүүдө.

2008-жылы эки президенттик мөөнөтүн аяктаган Роберт Кочарян 19-февралдагы шайлоодо жакын санаалашы Серж Саргсянды колдогон. Оппозициячыл талапкер Левон Тер-Петросян ал шайлоодо Кочаряндын мураскоруна утулуп калган. Эл аралык байкоочулар добуш берүүдө демократиялык стандарттар сакталбаганын белгилешкен.

Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразы болгон эл акцияга чыгып, 1-мартта Еревандын борборундагы кагылышууда сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери каза тапкан. Мындан тышкары, 200дөй киши жаракат алган.

1-марттагы кагылыштан кийин Роберт Кочарян бардык митингдерге тыюу салып, жалпыга маалымдоо каражаттарын чектеп, 20 күндүк өзгөчө абал режимин жарыялап, ага армияны да тарткан. Кочарян бул чечкиндүү чаралар өз жемишин бергенин билдирип келет.

«Бул иште, курал-жараксыз жүргөн полиция кызматкерлерине каршы ок атуучу каражаттарды колдонгон шартта биз армиянын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, тартипти орнотууга милдеттүү болчубуз», - деген эле ал.

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

2008-жылдагы кандуу окуялар учурунда былтыр ыңкылап аркылуу бийликке келген премьер-министр Никол Пашинян гезиттин редактору жана демонстранттардын лидерлеринин бири болгон. Ал да ошол окуялар үчүн айыпталып, эки жыл абакта отурган.

Ошондуктан Роберт Кочарян 11 жыл мурдагы иш боюнча аны жоопкерчиликке тартуу аракетин Пашиняндын өч алуусу катары баалап жатат. Бирок азыркы премьер андай дооматтарды четке кагып жүрөт.

«1-март иши каралышы керек. Киши өлтүргүчтөр сот алдында жооп берүүгө тийиш», - деди Никол Пашинян.

Парламентте 1-март окуясын иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Роберт Кочарян демонстранттарды таратууда армияны Конституцияны бузуу менен колдонгон деп тапкан. Кочарян 2018-жылы эки ирет камалып, кайра бошотулган. Ал быйыл июнда үчүнчү ирет кармалып, азыр камакта отурат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG