Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Арменияда сотторго каршы акция өттү


Еревандагы сот алдына чогулган премьер-министрдин тарапташтары. 20-май, 2019-жыл.
Еревандагы сот алдына чогулган премьер-министрдин тарапташтары. 20-май, 2019-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурдагы революциянын «экинчи баскычы» башталганын 20-майдагы конференцияда айтты.

20-майда эртең менен премьер-министр Никол Пашиняндын тарапташтары нөшөрлөп жааган жамгырга карабай баш калаа Еревандагы жана өлкөнүн башка шаарларындагы сот имараттарынын кире беришин тороп, судьяларды иш кеңселерине киргизбей коюшту.

Эшиктен эмес, терезеден кирүүгө далалат кылгандарынын аракеттери да ишке ашкан жок.

Жекшембиде өкмөт башчы Арменияда «революциянын экинчи жана эң башкы баскычы» башталганын, ал сот системасын реформалоого багытталганын жарыялаган. Анын мындай билдирүүсүнө 18-майда мурдагы президент Роберт Кочаряндын камактан күрөөгө бошотулганы себеп болгон.

Пашинян соттун мындай чечиминен кийин тарапкерлерин Армениянын аймактарындагы сот имараттарынын алдына нааразылык акциясына чыгууга чакырган.

Ал эми 20-майда премьер-министр армия кызматкерлери, сот өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар катышкан иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Армениянын сот системасы мурдагы «коррупциялашкан өкмөттүн» чеңгелинде калганын белгиледи.

Элдик толкундоолордун жыйынтыгында бир жыл мурда бийликке келген Пашинян чечимдери Адам укуктары боюнча Европа сотунда чечими «мыйзамсыз» деп табылган бардык соттор кызматтан четтетилиши керек экенин билдирди.

«Хирургиялык кийлигишүүнүн убактысы келди. Судьялардын бири калбай текшерүүдөн өтүшү зарыл. Коомчулук соттордун мүлкү, байланыштары тууралуу толук маалыматты билиши керек», - деген өкмөт башчы тийиштүү реформаларды жүргүзүш үчүн Конституцияга да өзгөртүү киргизүү боюнча чараларды карап чыгууга даяр экенин кошумчалады.

Армениянын президенти Никол Пашинян. Ереван. 20-май, 2019-жыл.
Армениянын президенти Никол Пашинян. Ереван. 20-май, 2019-жыл.

Армениянын президенти Армен Саркисян жарандарга кайрылып, сабырдуулукка жана Баш мыйзамды бузбоого чакырды. Армениянын алдыңкы оппозиция күчтөрү акцияны айыпташып, бул кадам сот органдарынын ишине сырттан таасир этүүгө тыюу салган Баш мыйзамдын беренесине каршы келерин билдиришти.

«Эгер Пашиняндын айрым саясатчылардан көңүлү калса, муну сотторго басым жасоо жана алардын ишине тоскоолдук кылуу менен чечпеш керек», - дейт «Гүлдөгөн Армения» партиясынын өкүлү Геворг Петросян.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган 64 жаштагы Роберт Кочарян «полицияга 2008-жылкы президенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берди» деген негизде соттолуп жатат.

11 жыл мурда болгон бул окуялардан сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери курман болгон. Быйыл 30-апрелде Кочарянга «үч миллион доллардай пара алган» деген жаңы айып коюлган.

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян. Ереван. 15-май, 2019-жыл.
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян. Ереван. 15-май, 2019-жыл.

Ал өзү өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөп келет. 2008-жылдагы нааразылык акцияларында маанилүү роль ойноп, ал үчүн эки жылга чукул түрмөдө отуруп чыккан Пашинян Кочарянга каршы кылмыш иши негиздүү ачылганын айтып, ишти бурмалоого жол берилбегенин билдирген.

Кочарян 2018-жылы 28-июлда камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. Былтыр 7-декабрда кайра камалган. Экс-президент Кочаряндын уулу да «салык төлөөдөн качкан жана арам акчаны адалдаштырган» деген кине менен камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG