Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 03:30

Карапетянц: «Президенттер кол тийгис эмес»


Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды сындагандардын акциясы. Ереван, 15-май, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин үчтөн экиси колдосо, Алмазбек Атамбаевден «экс-президент» деген макам алынып, аны жоопко тартууга жол ачылышы мүмкүн.

Бир жыл мурда «Баркыт революциясын» баштан өткөргөн Арменияда да өлкөнүн мурдагы президенттеринин бири Роберт Кочарян соттолуп жатат.

Ал 2008-жылдын март айында шайлоодон кийинки нааразылык акциясын күч менен басууга аракет кылганы үчүн жоопко тартылууда. Арменияда экс-президентке айып коюуда анын кол тийбестик маселеси кандай чечилет? Еревандык адвокат, Хелсинки ассоциациясынын президенти Нина Карапетянц ой бөлүштү.

«Азаттык»: - Былтыр парламенттик башкарууга өткөн Арменияда президенттин функционалдык кол тийбестиги бар. Армян Конституциясынын 140-беренесинде президент кызматта тургандагы аракеттери үчүн жоопко тартылбай турганы жазылган. Ошентсе да учурда Армениянын экинчи президенти Роберт Кочарян соттолуп жатат. Анын кол тийбестиги тууралуу маселе кандай чечилген?

Нина Карапетянц.
Нина Карапетянц.

Нина Карапетянц: - Конституциядагы бул берененин өзү эле айтып тургандай, ал мыйзамда көрсөтүлгөн иш-аракеттер менен гана алек болушу керек эле. Прокуратуранын пикири боюнча, анын аракети мыйзамдын чегинен чыгып кеткен. Натыйжада мындай кырдаалда ага кол тийбестик макамы жардам бербейт. Мыйзамда уруксат берилген чектен өткөнү үчүн ага айып коюлду.

«Азаттык»: - Бирок иликтөө башталганда экс-президент Кочаряндын адвокаттары дал ушул кол тийбестик маселесин көтөрүп чыгышпадыбы?

Нина Карапетянц: -Анын адвокаттары «Кочарян 2008-жылдын 1-2-март күндөрү президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да Ереванда коомдук тартипти сакташ үчүн аскерлерди киргизүүгө укугу бар болчу» деген жүйө келтиришкен. Бирок мыйзам боюнча, ал кезде Кочарян Куралдуу күчтөрдү колдонууга укугу жок эле. Бул сөздөрдүн гана оюну болду.

Адвокат өзүнүн кардарын бардык жол менен коргой алат. Бирок ал канчалык мыйзамга жана укукка туура келет деген суроо бар. Менимче, коомчулук үчүн Башкы прокуратуранын жүйөсү ынанымдуураак болду окшойт.

«Азаттык»: - Кантсе да экс-президент Кочарян Арменияда былтыркы «Баркыт ыңкылабынан» кийин же бийлик алмашкандан кийин соттолуп жатат. Кыргызстанда да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир нече иш боюнча күнөө коюлуп жаткан чак. Ушундай маселеде акыйкаттык орнотуу аракети менен саясий куугунтуктун чегин кантип аныкташ керек?

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сот залында. Ереван, 13-май, 2019-жыл.
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сот залында. Ереван, 13-май, 2019-жыл.

Нина Карапетянц: - Кайсы бир аракет мыйзамдын чегинен чыгып кетсе, анда саясий куугунтук бар деп айта алабыз. Бардык жарандар, алардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер да мыйзам буза турган болсо, кылмыш жообуна тартыларын билиши керек. Бул жерде кимдин кандай макамы бар экени маанилүү эмес. Статусуң канчалык жогору болсо, жоопкерчилигиң да ошончолук жогору болот.

Революцияга чейин кайсы бир аткаминердин өзү кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылганын элестетүү кыйын эле. Кочарян - жооп бериши керек болгон жалгыз мамлекеттик кызматкер эмес. Үчүнчү президент да, андан башка көптөгөн жогорку кызматтагы адамдар да бул процедурадан өтүшү зарыл.

Азыр бизде судьялардын рейтингин аныктоо жараяны жүрүп жатат. Биз, укук коргоо уюму катары, мурдагы жана азыркы аткаминерлер да, прокуратуранын өкүлдөрү да, айтор Арменияга, өлкөдөгү демократияга оор кесепети тийген иш-аракеттерге аралашкандардын баары бул процесстен өтүшү керек деп эсептейбиз.

«Азаттык»: - Дүйнөдө мурдагы президенттер сот жообуна тартылган учурлар көп. Ошол эле Түштүк Кореяда көзү тирүү экс-президенттердин кеминде жарымы түрмөдө экени белгилүү. Бирок Азиянын бул өлкөсүндө соттордун өз алдынчалыгы камсыз кылынган. Ал эми сот системасы толук реформалана элек постсоветтик чөлкөмдө соттор мурдагы президенттерге канчалык калыс чечим чыгарат деп айтууга болот?

Нина Карапетянц: - Ооба, бул чоң маселе. Ушундан улам биз сыяктуу бардык укук коргоо уюмдары сот жана укук системасынын реформасы абдан зарыл экенин айтып келебиз. Люстрация сыяктуу чараларга муктаждык бар. Коомчулук тергөөгө жана сотторго ишенгидей болушу керек.

Еревандагы бир жыл мурунку демонстрация. 26-апрель, 2018-жыл.
Еревандагы бир жыл мурунку демонстрация. 26-апрель, 2018-жыл.

Арменияда революция аяктады. Бирок бул багытта реформалар толук жүргүзүлө элек. Ушундан улам бизде тынчсыздануу бар.

Бирок Армения чакан өлкө. Биз ким бюджеттин эсебинен байыганын, ким бийликке бир тыйыны жок келип, кийин эле үй-бүлөсү менен кошо миллиарддерге айланганын жакшы билебиз. Бул ушунчалык ачык көрүнүп тургандыктан, коомчулук үчүн чоң далилдин деле кереги жок.

Ошентсе да сот адилеттиги тууралуу сөз кылганда алардын чечими элди ишендиргендей болушу керек. Азыр революциядан кийинки реформалар башталып жатат. Коррупцияга каршы комитет сыяктуу түрдүү органдар түзүлүүдө. Рейтинг жараяны да башталууда. Биз тез арада бул системаны калыбына келтире алабыз деп үмүттөнөм. Бирок бул оңой иш болбойт.

«Азаттык»: - Алдыда айтып өткөндөй, Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратып, жоопко тартуу аракети жүрүп жатат. Постсоветтик чөлкөмдү алсак, Казакстан сыяктуу айрым мамлекеттерде экс-президенттер абсолюттук кол тийбестикке ээ. Ал эми Грузияда президент кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин функционалдык иммунитетин жоготот. Дүйнөлүк практиканы эске алсак, экс-президенттин кол тийбестиги болушу керекпи? Адвокат катары оюңуз кандай?

Нина Карапетянц: - Армениядагы кол тийбестик принциби жогорку эле деңгээлде деп эсептейм. Башкача айтканда, биз президенттин өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган бардык мыйзамдуу чечимдерин коргойбуз. Бирок чектен ашып кеткен кандай гана кадам болбосун, ал жазаланышы зарыл. Мен конкреттүү бир адам жөнүндө айтып жаткан жокмун. Бирок президент тынч максатты көздөгөн активисттерге ок атуу сыяктуу буйруктарды бере албайт. Бул мыйзамдуу эмес.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы тарапкерлеринин жанында. 26-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы тарапкерлеринин жанында. 26-июнь, 2019-жыл.

Албетте, кызматта турганда андай иммунитети болот. Бирок мыйзам чегинен чыгып кеткенде, ал киши эртеби-кечпи, беш жылдан кийинби же 20 жылдан кийин болобу, айтор, жоопко тартылышы керек экенин билиши кажет.

Өзгөчө президенттер өздөрү жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепили экенин түшүнүшү керек. Көп учурда президенттер Куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы болушат. Андыктан алар өлкөдө болуп жаткан бардык жагдайларга жооптуу.

Дал ушул көз караштан алып караганда, бизде кол тийбестик маселесинде ийкемдүү бир система бар. Бул система президентти мыйзамдуу аракеттери үчүн коргоого алууга да, чектен ашса, жоопко тартууга да мүмкүнчүлүк берет. Президентте чексиз кол тийбестиги болушу мүмкүн эмес. Ал «кудайдын тукуму» же такыр эле кол тийгис адам эмес.

«Азаттык»: - Кыргызстандагы экс-президентти жоопко тартуу аракети боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

Нина Карапетянц: - Мен бизде да, силерде да куугунтук эмес, акыйкаттыкты орнотуу максаты ишке ашат деп үмүттөнөм. Кыргызстандагы менин кызматташтарым кырдаалга абдан тыкыр көз салып, ар бир укук бузууга реакциясын билдирип турат деп ишенем. Кайсы бир адамга же кырдаалга карата мамилебиз кандай болсо да, укук бузууга жол бербешибиз керек.

Акыры калыстык жеңип чыгышы керек. Адам кылмыш кылган болсо да, ал мыйзамдын алкагында гана жоопко тартылышы зарыл. Себеби кандай гана коом болбосун, калп менен жашоого болбойт. Коомчулук үчүн чындык ачыкка чыкканы абдан маанилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG