Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Боронов: кен иштеткен жайларда экологиялык талап катуу көзөмөлдөнөт


Терексай кени.
Терексай кени.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бийлик тоо кен тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууда жаратылышка аяр мамиле жасалып, экологиялык талаптардын сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынарын айтты. Өкмөт башчы мындай пикирин 12-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Перевальное, Терек жана Тереккандагы кен иштеткен ишканага барган учурда билдирди.

“Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек”, - деди Боронов.

Аталган кендерде «Эти Бакыр Терексай» ишканасы иш алып барат. Анда 702 жумушчу иштейт. Алардын 90% жергиликтүү тургундар. Мамлекетке жылына 1 млрд. сомдой салык төгөт. Учурда жылына 1 млн. тонна руда иштетет. Азыр алтын чайкоочу фабриканын курулушу жүрүп жатат.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында мамлекеттик “Кыргызалтын” компаниясынын 25%, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 75% үлүшү бар.

Терексай кени – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан.

Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2415 лицензия берилген.

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Анын ичинде 46сы ири алтын кени. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген. Кыргызстанда кен иштеткен компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр-чатак катталган учурлар көп болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG