Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Оогандардын тынчтык сүйлөшүүсүндө ок атышууну токтотуу маселеси талкууланышы мүмкүн


Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты.
Ооганстандагы ич ара согушка 19 жылга аяк басты.

«Талибан» кыймылы менен Ооганстандын өкмөтү ортосунда Катарда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнүндө ок атышууну токтотуу жараяны талкууланышы мүмкүн.

Оогандардын сүйлөшүүгө катыша турган тобун жетектеп келген Абдулла Абдулла «Франц-пресс» агенттигине билдиргендей, «Талибан» кыймылы түрмөдөгү өз жоочуларын бошотуп алуу максатында ок атышууну токтотууну сунуш кылышы мүмкүн.

12-сентябрда Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн салтанаттуу ачылышында расмий Кабул жана Кошмо Штаттары ок атышууну токтотууга чакырышкан. Бирок талибдер бул тууралуу үн катышкан эмес. Серепчилердин айтымында, эки тарап акыры көзмө-көз сүйлөшүүгө макул болушканы тынчтык жараянына жетүү оңой болот дегенди билдирбейт.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Дохадагы жыйындын катышуучуларына видеобайланыш аркылуу кайрылып, эки тараптын ок атышууну токтотуу чечимине эч нерсе тоскоолдук жаратпашы керек экенин белгиледи.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео сүйлөшүүлөр «сөзсүз көп кыйынчылыктар менен коштолорун» айтып, жаатташкан тараптарды тынчтыкка жетүү үчүн бул «мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого» чакырды.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

XS
SM
MD
LG