Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Израил кайрадан карантин киргизүүдө


Израил.
Израил.

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска бир күндө чалдыккандардын эң жогорку көрсөткүчүн каттады. 24 саатта вирус жугузуп алгандар 307 930 болду.

Жаңы коронавирус алгач катталган былтыркы жыл этегинен бери аны глобалдык алкакта 28 жарым миллиондон ашуун адам жугузуп алды.

ДССУнун маалыматына караганда 13-сентябрда коронавирустан дагы 5,5 миңдей киши каза тапты, жалпы сан 920 миң жарымга чамалады. 19,4 миллион киши оорудан айыкты.

Жаңы инфекциялангандардын эң көбү Индияда (94 372), АКШда (45 523) жана Бразилияда (43 718) катталды. Индиялык дарыгерлер симптомдору оор бейтаптар көбөйгөнүн, ооруканалар толуп калганын айтышат.

Жекшембиде Израил өкмөтү 18-сентябрдан тартып өлкөдө үч аптага толук карантин киргизилип жатканын билдирди. Калкы тогуз миллиондой өлкөдө акыркы апталарда күнүнө вирусту төрт миңге чейин киши жугузуп алганы аныкталып келатат. Анын үстүнө бийлик жакындап келаткан диний майрамдар учурунда инфекциялангандар көбөйүшү мүмкүн деп чочулайт.

Коронавирус кризисин жөнгө салууда кемчиликтерди кетирди деп сынга кабылган премьер-министр Беньямин Нетаньяху карантинден зыян тарткан бизнес ээлерине финансылык колдоо көрсөтүлөрүнө убада берди:

Беньямин Нетаньяху.
Беньямин Нетаньяху.

«Бул чаралардын кесепети баарыбыз үчүн оор болорун билем. Бул жолу майрам биз көнгөндөй болбойт. Алыста жашаган туугандарыбыз менен чогуу белгилей албай калабыз. Карантин ишкерликке да залакасын тийгизери калетсиз».

Ошентип, Израил өз аймагында экинчи жолу толук карантин киргизген алгачкы өлкө болуп калмакчы. Марттан майдын башына чейин да ушундай чектөөчү чаралар көрүлгөн.

Эми жабык жайларда 10дон, сыртта 20дан көп киши чогулбоого тийиш. Мектептер менен соода борборлору жабылууда, жергиликтүү тургундар, жумуш жеринен тышкары өз үйлөрүнөн 500 метр алыс кетпеши керек. Супермаркеттер жана дарыканалар ишин уланта беришет.

Европада адистер эпидемиянын экинчи толкуну башталганын айтышат. Француз бийлиги ишембиде бир күндө вирус жугузуп алгандар он миң кишиден ашканын, коронавирус диагнозу менен ооруканага, реанимацияга түшкөндөр көбөйгөнүн билдирди. Дарыгерлер калкты өтө зарыл болбосо, эки жакка каттоону токтото тууруга чакырышты. Июндан бери Францияда өзгөчө жаштар арасында инфекциялангандар көбөйгөнүн эксперттер белгилешүүдө.

Экинчи толкун Чехияда да катуу сезилүүдө. Аптанын аягында күнүнө бир жарым миңдин айланасында жаңы бейтап катталып келди. Ушундан улам кошуна өлкөлөр чара көрө башташты. Шаршембиден тартып Германияга Прагадан баргандар анализдин жыйынтыгын көргөзүүгө тийиш.

Испания Европада инфекциялангандардын саны боюнча биринчи орунда кала берүүдө. Пандемия башталгандан бери падышалыкта коронавируска 566 миңден көп киши кабылды.

XS
SM
MD
LG