Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Журналисттер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын чагылдырууну окушат


Быйылкы шайлоодо саясий партияларга үгүт кагаздарынын бир бөлүгүн Брайл шрифти менен жазуу милдеттендирилген. Иллюстрациялык сүрөт.
Быйылкы шайлоодо саясий партияларга үгүт кагаздарынын бир бөлүгүн Брайл шрифти менен жазуу милдеттендирилген. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган журналисттер жана блогерлер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын чагылдырууну окушат. Иш-чара 19-21-сентябрь күндөрү онлайн форматта болот.

Анда журналисттер менен блогерлер шайлоо участокторунда майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды чагылдырууну, шайлоого келген майыптыгы бар адам менен маек куруунун өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар тууралуу маалыматтарды даярдоону жана алардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясынын негизги нормаларын үйрөнүшөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо майыптардын укуктары эске алынарын кабарлаган. Ага ылайык, саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзү начар көргөн кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана Брайль арибинде жазууга милдеттендирилген.

Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG