Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Өзбекстанга сырттан которулган акчанын көлөмү азаюуда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү 5,4% азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын алгачкы сегиз айында Өзбекстанга сырттан 3,7 миллиард доллар которулган. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 209 миллион долларга же 5,4% аз. Январда Өзбекстанга сырттан 400 миллион, февралда 385 миллион доллар которулган.

Мартта 296 миллион, апрелде 250 миллион доллар которулган. Май айында которулган акчанын көлөмү апрелге салыштырмалуу дээрлик эки эсе көбөйүп, 485 миллион долларды түзгөн.

Июнда чет өлкөлөрдөн 621 миллион доллар, июлда 597 миллион доллар которулган.

XS
SM
MD
LG