Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

Трамп Иран АКШга чабуул койсо ага бир канча эсе чоң жооп болорун эскертти


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран генерал Касем Сулйманинин өлүмү үчүн өч алуу максатында америкалык дипломаттын көзүн тазалоону көздөгөн деген мазмундагы маалымат тууралуу комментарий берди. Ал 14-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына "Иран кандай гана формада АКШга кол салбасын, ага миң эсе масштабдуу жооп болот" деп жазды.

Мунун алдында "Политико" басылмасы мындан бир жылдай мурун АКШнын Түштүк Африкадагы элчиси болуп дайындалган, Трамптын жакын санаалашы делген Лана Марксты өлтүрүш үчүн Иран кутум уюштурганы жатканы тууралуу жазган.

Аталган басылма Америка өкмөтүндөгү аты-жөнүн атабаган өкүлүнө шилтеме кылып жазган. Ага ылайык, Маркска кол салуу уюштурганы жатканы тууралуу америкалык чалгынчыларда жазында эле ыкчам маалымат болгон. Бирок кийинки учурда анын коркунучу күчөгөн. Өкмөт өкүлү мындай кутумга Ирандын Преториядагы элчилиги аралашып жатканын айткан.

Иран эмнеге ал америкалык дипломаттын артынан сая түшүп, бутага алганы белгисиз. Тегеран буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани ушул жылдын башында Багдаддын четиндеги аэропорттун жанында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Вашингтон Сулеймани АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объектилерине жана аскерлерине кол салуу уюштуруунун артында турган киши деп эсептеп келген. Тегеран буга байланыштуу АКШны кескин айыптаган жана өч аларын эскерткен. Мындан тышкары, жооп иретинде АКШнын Ирактагы объектисине сокку урган.

Вашингтон менен Тегерандын чатагы Кошмо Штаттар 2018-жылы Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин курчуп келет. Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Буга жооп катары Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG