Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

ЮНЕСКО: каршылык акцияларында журналисттерге чабуул көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ЮНЕСКО дүйнө жүзү боюнча каршылык акцияларынын убагында кесиптик милдетин аткарып жүргөн журналисттерге кол салуу, зордук-зомбулук көбөйгөнүн билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) агенттиги 14-сентябрда жарыяланган баяндамасында ушул жылдын башынан июнь айына чейин мындай 21 акцияда коопсуздук күчтөрү журналисттердин укуктарын бузган учурлар катталганы айтылат.

Документте журналисттерди камоо, аларга зомбулук көрсөтүү соңку беш жылдан бери бийликтердин күчтү мыйзамсыз пайдаланып жатканынын бир бөлүгү деп жазылган.

Женевада жайгашкан уюмдун эсебинде, 2015-2020-жылдар аралыгында каршылык акцияларында бери дегенде 10 журналист ажал тапкан. Бул убакытта кабарчыларга кол салган, камакка алган 125 учур катталган.

Кызматтык милдетин аткарып жүрүп көз жумгандар журналисттер Сирия, Мексика, Израил, Никарагуа, Түндүк Ирландия, Нигерия жана Ирак мамлекеттеринде иштешкен.

ЮНЕСКО полиция кызматкерлери жазасыз калгандыктан журналисттерге кол көтөрүү кадимки көрүнүшкө айланып калганына кабатырлыгын билдирди.

Уюмдун башкы директору Одри Азуле эл аралык коомчулукту жана тиешелүү органдарды бул маселеге көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды. Журналисттер өз коопсуздугу үчүн кооптонбой иштеши маанилүү экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG