Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:56

Кыргызстанда бала бакчалардын иши жакынкы күндөрү чечилет


Бала бакчада балдарды күткөн оюнчуктар.

Кыргызстанда жеке менчик бала бакчаларга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөгө уруксат берилген. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын ишин жандантуу маселеси жакынкы күндөрү республикалык штабда караларын өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ар бир шаар менен райондо атайын комиссия мунун үстүнөн иштеп жатат. Атайын колдонмолор жана бала бакчалардын ишинин алгоритми бекитилген. Учурда бакчалардын имараттарын дезинфекциялоо иштери башталды.

Мектептерди кадимкидей окуу тартибине өткөрүү маселеси октябрь айында чечилиши күтүлүүдө. Эгер эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин кадимкидей тартипте уланта баштоону мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде сунуш кылган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясына байланыштуу бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган, ал эми мектептерде окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG