Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Өзбекстанда коронавирус жуккан вице-премьер каза болду


Уктам Барноев.
Уктам Барноев.

Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын 20-сентябрда жазганына караганда, ал коронавируска чалдыгып, андан кийин инсульт болгон. Дарылануу үчүн Германияга жөнөтүлүп, ошол жакта үзүлгөн. Бирок расмий булактарда мындай маалымат жок.

Маркумду Бухарада жерге берүүгө камылга жүрүп жатканы, президент Бухарага барары кабарланды. Барноев 2016-жылдын декабрынан 2020-жылдын февралына чейин Бухара облусунун акими болгон. Кийин өкмөт башчынын агрардык жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалган.

Өзбекстанда буга чейин Каракалпакстан автономиялык республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Олий Мажлис сенатынын төрагасынын орун басары Муса Ерниязов жана Бухара облусунун акими Карим Камолов коронавирустан көз жумган.

19-сентябрга карата алынган маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавирус 50 992 адамга жукту. Анын ичинен 47 271 бейтап айыгып, 427 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG