Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

«Замандаш» ассоциациясы аты уйкаш партиянын жетекчилигин айыптап чыкты


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Кыргызстандагы «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы 22-сентябрда билдирүү таратты.

Анда «Замандаш» партиясынын азыркы лидери алдыдагы шайлоодо «упай топтош үчүн тарыхый фактыларды бурмалап, биримдиктин иштерин жана эмгектерин өзүнө ыйгарып алды» деген сын айтылган.

«Окшош аталыш азыркы лидерге ассоциациянын жасаган иштерин партияныкы катары көрсөтүп, элдин башын айландырууга мүмкүнчүлүк берди. Партия эч качан мигранттар менен иштеген эмес. Бул иш менен «Замандаш» ассоциациясы алектенет», - деп жазылган билдирүүдө.

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышканы жаткан «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бул билдирүүнү четке какты.

«Шайлоонун шарапаты менен Муктар Өмүракуновдун кылган иштерин жокко чыгарып, анын эмгектерин өздөрүнө энчилейбиз деген адамдар жок эмес экен. Бул аларга абийир алып келбейт. Логотипти колдонуп, басма сөз катчы деп билдирүү тараткандардын абийиринде болсун. Ошолордун арасында башка партиялардын катарында жүргөндөр бар», - деди Молдокматов.

Коомдук ишмер, маркум Муктар Өмүракунов негиздеген Орусиядагы мигранттардын «Замандаш» ассоциациясы 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизинде 2007-жылы ушундай эле аталышта партия түптөлгөн.

Жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышмакчы. (NT)

XS
SM
MD
LG