Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Шайлоого катышып жаткан 16 партия үгүт иштерине жалпысынан 504 млн. сом коротту


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16 партиянын шайлоо фондусуна келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары жөнүндө маалымат жарыялады. БШКнын 18-сентябрдагы маалыматына ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна жалпысынан 526 млн. 983 миң 770 сом түшүп, анын 504 млн. 787 миң 608 сому чыгымдалды.

Үгүт иштерине көп каражат сарптагандардын сап башында «Мекеним Кыргызстан» партиясы топтолгон 108 млн. 215 миң 641 сомдун 105 млн. 53 миң 771 сомун коротту. Андан кийин «Биримдик» партиясы чогулган 97 млн. 408 миң 300 сомдун 89 млн. 602 миң 259 сомун чыгымдады. «Кыргызстан» партиясы 90 млн. 539 миң 602 сомдун, 88 млн. 407 миң 824 сомду коротту. «Ата Мекен» партиясы шайлоо фондуна 47 млн. 945 миң 134 сом чогултуп, 41 млн. 986 миң 511 сомун чыгымдады. «Бир Бол» партиясы чогулган 38 млн. 537 миң 293 сомдун 38 млн. 520 миң 449 сомун коротту. Калган партиялардын чыгымдарын бул жактан окуңуз.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, саясий партиялар атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө БШКга жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG