Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 22-сентябрдагы жыйынында талапкерликтен баш тарткан Айтмамат Назаровго айып салынып жана топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлмөк болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева маалымдады.
«Башкы прокуратурага маалымат жиберилмек болду. Анткени Айтмамат Назаров талапкер болгон учурда кызматын тапшырган. Ошол учурда өзгөчө кайтаруудагы жерлерге кантип киргенин текшериш керек», - деди Журабаева.
Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров 21-сентябрда талапкерликтен баш тарткан.
«Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен.
«Улуттук энергохолдингдин» басма сөз катчысы Азамат Курамаев Назаров ал жакка жеке жаран катары катышканын айтып, салтанат өткөн жер режимдик аймакка кирбей турганын белгилеген.
120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (TSh)