Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

АКШ элчилиги 1500дөн ашуун мамлекеттик кызматкерге англис тилин бекер окутат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Лингва» инновациялык билим берүү фонду менен бирге «Жаш адистерге англис тили» программасынын 3-тайпасын улантат. Бул программада 1,5 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер, басма сөз өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү үчүн англис тили боюнча бир жылдык акысыз курс өткөрүлөт. Бул тууралуу АКШ элчилиги маалымдады.

Бишкек шаарында 23 министрлик менен мамлекеттик органдын кызматкерлери программага катышат. Ички иштер министрлигинен 39, Транспорт министрлигинен 43, Экономика министрлигинен 69, Финансы министрлигинен 23, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 51, Бишкек мэриясынан 54, президенттин жана өкмөттүн аппараттарынан 43 кызматкер англис тилин окуйт. Ошондой эле аймактардагы журналисттердин да тобу бар.

«Жаш адистер үчүн англис тили» программасынын алкагында 2019-жылы 568 катышуучу билим алган. Долбоор 2018-жылдын ноябрь айында башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG