Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

2020-жылы жогорку жана орто окуу жайларына 100 миңдей абитуриент кабыл алынды


2019-жылы окуу жайларына кабыл алуу учурунда Бишкектен тартылган сүрөт.
2019-жылы окуу жайларына кабыл алуу учурунда Бишкектен тартылган сүрөт.

Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларына 2020-2021-окуу жылында жалпы жонунан 98 136 адам кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Онлайн кабыл алуу боюнча беш турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларына 42 миңден ашуун, коллеждерге эки тур менен жалпысынан 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриент кабыл алынды.

Быйыл пандемияга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди кабыл алууну онлайн форматта уюштурду.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Өлкөдө 63 жогорку окуу жайынын 32си мамлекеттик болуп саналат.

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү эң жогорку балл алды. (TSh)

XS
SM
MD
LG