Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Студенттерди кыйнаган окуу акысы


Жатаканада телефон карап жаткан студент. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Жатаканада телефон карап жаткан студент. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Студенттер карантин шартындагы кыйынчылыктарга карабастан жогорку окуу жайлары окуу акысын толук төлөөнү талап кылып жатышканын айтып арызданууда.

16-марттан баштап Кыргызстанда жогорку окуу жайлары карантинге жабылып, аралыктан окууга өткөн. Ош мамлекеттик университетинин студенти Санжар Артыкбаев карантинден улам окуу акысын төлөй албай калган. Ушундан улам ал жайкы сессияга катыша албай, экзамендерден четтеген.

«Мен контрактымдын 50% төлөгөм, - дейт ал. - Азыр карантин болуп үй-бүлөдө финансылык кыйынчылыктар болгондуктан окуу акысын төлөй албай калдым. Эки жума мурун Билим берүү министрлиги атайын токтом чыгарып, окуу акысын төлөй албай жаткан студенттерге жеңилдиктер берилип, узартып бериш керек экени айтылган. Биз арыз жазып, окуу акысын төлөөнү бир айга узарталы дедик эле. Буга чейин төлөй албай турганым боюнча арыз жазгам, бирок менин арызымды кабыл алышкан жок. Азыр экзамендерге киргизбей жатышат».

Ош мамлекеттик университетинин өнүктүрүү жана инвестициялар департаментинин директору Жанболот Турсунбаев университеттин администрациялык кеңеши атайын жоболорду иштеп чыгып, азыркы кырдаалды эске алуу менен студенттерге жеңилдиктер берилип, окуу акысын төлөө узартылып жатканын айтты. Ага ылайык, Санжар Артыкбаев сыяктуу студенттер эми окуудан четтетилбейт.

Жанболот Турсунбаев.
Жанболот Турсунбаев.

«Негизи жөнөкөй абал болгон учурда студент окуу акысын төлөбөсө АВС системасында сессиясы ачылбай калып, бир нече убакыттан кийин анын экзамендери коюлбастан, насыясы көбөйүп, ал окуудан четтетилчү. Азыр биз бул шарттарды алып салдык. Эгер студент окуу акысын кайсы күнү төлөсө, биз ошол күнү сессиясын ачып берип жатабыз. Мурдагыдай окуудан четтетилбейт. Жалпысынан студенттер окуу акысынын 80% төлөшкөн. Азыр да төлөп жатышат. Өтө кыйналган студенттер да бар. Алардын кайрылууларын атайын комиссия карап, маселесин чечкенге жардам берип жатабыз. Азыркы кырдаалга байланыштуу эгер студент күзүндө окуу акысын төлөйм десе, ага деле уруксат берип жатабыз. Күзгө чейин качан төлөсө ошол күнү сессиясын ачып берип, экзамендерин кабыл алабыз».

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги азыркы кырдаалга байланыштуу окуу акысын төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүп, төлөм мөөнөтүн узартып берсүүсү боюнча сунуштамаларды берген.

Акылбек Орозматов.
Акылбек Орозматов.

«Буга чейин билим берүү министри Кыргызстандагы окуу жайларынын ректорлору менен онлайн жыйын өткөрүп, азыркы коронавируска байланыштуу кырдаалга жараша мүмкүн болушунча ар бир окуу жайы студенттерге ийкемдүү мамиле кылып, контракттын мөөнөтүн узартуу жана башка жагдайлар боюнча бирдиктүү чечим кабыл алуу жөнүндө министрлик тарабынан сунуш берген», - деди Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.

Андан сырткары министрлик жогорку (ЖОЖ) жана орто окуу жайларында дипломдук иштерди жактоо жана мамлекеттик экзамендер онлайн түрүндө өткөрүлө тургандыгын билдирген. Адистер бул студенттер менен мугалимдердин ортосундагы түз байланышты азайтып, коррупцияга жол бербейт деген оптимистик ойлорду айтканы бар. Ошого карабастан ушундай шартта да студенттер экзамендик баалар үчүн акча талап кылып жаткан мугалимдер бар экенин айтышууда.

Жалал-Абад медициналык коллежинин студенти Айжан (аты өзгөртүлдү) мугалимдер аралыктан окуу учурунда да алардан акча талап кылып жатканын айтты:

«Азыр биз аралыктан окуп жатабыз. Экинчи семестрдин экинчи, үчүнчү модулун онлайн түрүндө тапшырдык. Мугалимдер бизге суроолорду берип, ошол боюнча тапшырдык. Эми мугалимдер бизге «ар бир модулга 400 сомдон бересиңер» деп жатышат. Андан сырткары «экзамендерге да акча бербесеңер баа койбойбуз» деп айтышты. Акчаны старостага которушубуз керек экен. Азыр мындай учурда баарыбыз үйдө отурсак, кайдан акча табабыз? Мугалимдер фондго деп же дагы башка нерселерди айтып акча топтой беришет. Акыркы убакта студенттер окууга да көп келбей калышкан эле. «Зачетко, экзамендерге акча беришим керек» деп иштеп кетишкен. Биз өзү медициналык коллежде окусак... Азыр карантинде акча жок кыйналып жатабыз».

Аталган окуу жайынын жетекчиси Алмазбек Абдылдаев медициналык коллеж 16-марттан баштап аралыктан окуп жатканын айтып, студенттер менен мугалимдин ортосунда түз байланыш жок экенин билдирди. Жетекчи студенттерден мугалимдердин пара талап кылып жатканы боюнча арыз түшпөгөнүн айтып, буларга токтолду:

«Азыр алар телефон аркылуу онлайн байланышып жатышат. Акча сурап, аны бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Анткени студенттер айылда, райондордо жашашат. Эгерде староста же мугалим ушундай иш жасап жаткан болсо, аларга тез арада чара көрөбүз. Эгер студент мага түз кирип, мугалимдин атын-жөнүн айтып, акча талап кылган фактыларын көрсөтсө ал мугалимге чара көрүп, жумуштан бошотобуз. Эгер мага ишенбесе укук коргоо органдарына кайрылса болот. Биз коррупциянын алдын алыш үчүн студенттерге дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз».

Кыргызстанда мамлекеттик 32, мамлекеттик эмес 33 жогорку окуу жайы бар. Алардын баары 16-марттан баштап карантинге жабылып, учурда окутууларын аралыктан онлайн түрүндө жүргүзүшүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG