Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Студенттер окуу акысын төлөй албай кыйналды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдан улам ири жана чакан ишканалардын басымдуу бөлүгү жабылып, анда иштеп, акча тапкан студенттер да жумушсуз калды.

Келишимдик негизде окуп, өздөрү каражат тапкан студенттер окуу акысынын төлөө убактысын жылдырууну суранышууда.

Окуу жайлар азырынча бул маселе көтөрүлө электигин билдиришти.

Ош мамлекеттик университетинин студенти Нуржайна Октяброва өзү иштеп, өзүн-өзү баккан студенттердин бири. Бирок карантинден улам киреше булагы азайып, окуу акысын төлөй албай жатканын айтты:

Нуржайна Октяброва.
Нуржайна Октяброва.

"Биздин группада окугандар 50 пайызын кышка чейин эле төгүп коюшкан. "Калганын апрелде төлөйм" дегендер көп болчу. Студенттер карантинден улам айылга кетип, контракт төлөнбөй калды. Баары эле каражаттарын азык-түлүккө жумшап салды да. Менин тааныш сиңдилерим деле төлөй элек. "Контрактты төккүлө, азыр банкоматка же банкка барып төлөй албасаңар, онлайн төлөсөңөр болот" дешти. Бизге кийинки жылга жылдырып берсе жакшы болмок. Айлыгым колго тийсе эле төлөйүн деп камынып жаткам. Бирок ага азык-түлүк алдык".

Нуржайнага окшоп окуу акысын төгө албай жаткан бир нече студенттер жана алардын жакындары "Азаттык" радиосуна кайрылышты. Алардын бири Бахром Рахмонжанов. Ал өзгөчө абалдын кесепетинен жумушсуз калганын айтууда:

"Аялым ОшМУда 4-курста окуйт. Контракттын жарымын төлөгөм. Калганын майга чейин төлөйүн деп жаткам. Азыр карантин болуп, үйдөгүлөрдөн эч ким, мен дагы иштебей отурам. Акча жок. Кураторлору "апрель ичи төлөп койгула" деп жазып жатышат. Кошунамдын кызы да окуйт эле, аларда да акча жок. Карантиндик режим жоюлганга чейин убакыт берсе деп суранат элек".

Студенттер окуу жайдын жетекчилери кандай болгон күндө да окуу акысын төлөшү керектигин талап кылганын айтышууда.

Бул маселе менен бир нече жаран Билим берүү министрлигине да кайрылган. Өзгөчө кырдаалдан улам окуу жайлардагы окуу процессинин өзгөрүшү боюнча министр Каныбек Исаков жыйын куруп, окуу жайларга сунуш берген.

Акылбек Орозматов.
Акылбек Орозматов.

"Каныбек Исаков бул боюнча жана дистанттык окутуунун жүрүшү боюнча Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлору менен онлайн жыйын курган. Келип түшкөн кайрылуулар боюнча өзгөчө кырдаал учурунда студенттерге ийкемдүү мамиле кылуу, контракттын мөөнөтүн узартуу жана башка жагдайлар боюнча бирдиктүү чечим кабыл алуу боюнча министрлик тарабынан сунуш берилген", - деди Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.

Ал ошондой эле студенттерге жеңилдиктерди ар бир жогорку окуу жайы индивидуалдуу түрдө карай турганын кошумчалады.

Ал эми ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов жылына бир ирет комиссия тарабынан каралып, студенттерге ар кандай шартта жардамга муктаж болгондорго жеңилдиктер берилип келгенин, азыркы учурдан улам контрактты "төлөй албай калдык" деп кайрылгандар массалык түрдө боло электигин билдирди.

"Быйыл эми өзгөчө жыл болуп жатат. Онлайн чогулуштарды өткөрүп жатабыз. Расмий түрдө студенттер тарабынан деканаттарга кайрылган учурлар көп эмес. Активдүү иш башталган болсо, муну комиссия менен отуруп өзүнчө карайбыз. Узартууга муктаж болгон студенттер кайрылса, жылдырып беребиз. Андан эч кандай көйгөй болушу мүмкүн эмес".

Жогорку окуу жайларында Эл аралык университеттерди эске албаганда адистигине жараша орточо контракттын суммасы 20-30 миң сомдун тегерегинде. 16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары карантинге жабылып, андан кийин ачылган эмес. Учурда алар окутууларын аралыктан онлайн түрүндө жүргүзүшүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG