Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Бүтүрүүчүлөр үчүн сынактын шарты өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөрдү.

Сезим Эрнисова Ысык-Көл облусундагы Арал айылынын №20 мектебинин бүтүрүүчүсү.

Сезим быйыл мектепти аяктап жаткан башка бүтүрүүчүлөрдөй эле соңку кырдалга байланыштуу кооптонуусун жашырган жок.

Сезим Эрнисова.
Сезим Эрнисова.

«Мен Интернеттен экзамендер тууралуу маалымат окудум. Анда «экзамендер болбойт» деп жазылыптыр. Бирок бул тууралуу мугалимдер, мектеп эч нерсе айта элек. Бир чети бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгы үчүн бул балким туура чечим. Өкмөт айтып жаткандан кийин биз ага баш ийүүгө аргасызбыз. Ошол эле кезде биз бир жыл бою экзамендерге даярданганбыз. Аларга катышпай калгыныбызды кантип кабыл алыш керек экенин билбей деле калдык. Негизи эле соңку кырдаал бүтүрүүүчүлөр үчүн оор болуп жатат. ЖРТ жылды, ал жагы жакшы, бирок ага кантип даярданарыбыз жана ал кандай шартта өтөрү белгисиз. Бир жыл бою күткөн акыркы коңгуроо аземи да быйыл өтпөйт экен».

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам 2019-2020-жылдагы бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик сынактын шарттары өзгөргөнүн билим берүү, илим министри Каныбек Исаков 11-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирген:

Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

«9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү быйыл сынак тапшырыш үчүн мектепке барышпайт. Бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сабактар боюнча баалар жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктеринин, анын ичинде текшерүү иштеринин, чейректик, жарым жылдык бааларынын негизинде коюлат. Аны министрлик иштеп чыккан жобого ылайык түзүлгөн предметтик комиссиялар ишке ашырат».

Министрдин айтымында, бүтүрүүчүлөргө предметтик баа коюу жараяны 2-июндан 13-июнга чейин уланат. Бааларга канааттанбаган бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда мугалимдерге түшүндүү иштери жүрүп жатканын айтып, комиссиянын курамы, иштөө шарты менен тааныштырды.

«Ар бир мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, мугалимдердин баары коргонуу каражаттары менен камсыз болгондон кийин гана алар текшерүү иштерине киришет. Алардын баары министрлик кабыл алган убактылуу жобонун негизинде иш алып барат. Комиссиянын курамына класс жетекчилер менен предметтик мугалимдерден жалпы жонунан беш адам кирет. Ар бир баланын күнүмдүк эмес, жыйынтыктоочу текшерүү иштери каралат. Ошол эле учурда класс жетекчилер балдардын биринчи чейректен баштап окуудагы активдүүлүгүн эске алат, мисалы конкурстарга же спорттук иш-чараларга катышкан болсо анысы да эске алынат».

Аталган министрликтин маалыматына караганда алтын сертификатка талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн «Алтын тамга» деп аталган жалпы республикалык тестирлөө реалдуу режимде өтөт. Быйыл «Алтын тамга» тестирлөөсүнө республика боюнча 1207 бүтүрүүчү катышары күтүлүүдө. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Учурда каттоо жүрүп, министрликтин ыкчам номурлары ага байланыштуу суроолорго жооп берип жатат.

Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер да убактылуу жабылган. Учурда окуучулар аралыктан билим алып жатышат. Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Билим берүү тармагындагы адис Кеңешбек Сайназаров башка өлкөлөрдүн азыркы абалдагы чечимдерин мисал келтирип, кыргыз өкмөтү орток чечимге келгенин айтууда:

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

«Чөлкөмдөгү тажрыйбага көз жүгүртүп көрөлү. Коңшу өлкөлөр Казакстанда, Өзбекстанда, Орусияда, маселен, ошол эле Батыш өлкөлөрүндө, Англияда таптакыр сынактарды алып салышты. Биздин өлкөдө менимче орток чечим болду. Себеби бир чети балдардын коопсуздугу эске алынды, ошол эле кезде алардын баасын атайын комиссия аныктай турган болуптур. Мен бул жобо менен таанышып чыгып, чындыгында жактырдым. Апелляциялык арыздар деле аз болсо керек деп ойлоп жатам».

Ал эми мектептин 5-8 жана 10-класстарынын окуучулары ордунан көчүү экзамендерин тапшырышпайт.

Кыргызстанда 2230дан ашык мектеп бар. Аларда бир миллиондон ашык бала билим алат. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги кийинки окуу жылын да дистанттык негизде жүргүзүү ыктымалдыгына даярдык көрөрүн кабарлаган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG