Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

УКМК: милициянын полковниги ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракеттенген деп шек саналууда


Атайын кызмат тараткан фото.
Атайын кызмат тараткан фото.

23-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерин (полковник) ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган деген шек менен колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, милициянын полковниги жалпы өлчөмү бир жарым килограмм баңгизатты 581 миң сомго сатууга аракет кылган. Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизаттарды сатуу максатында мыйзамсыз жасоо») менен катталды. Кылмышка шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG