Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Тилек Матраимов ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө кеткенин айтты


Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов 24-сентябрдан тартып бир айлык эмгек өргүүсүнө чыкты.

«Азаттык» радиосунун кабарчысынын «Шайлоо алдында эс алууга кетүүнүн себеби эмнеде?» - деген суроосуна ал: «Ден соолугума байланыштуу», - деп жооп берди.

Тилек Матраимов өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими болуп 2012-жылдын февралынан бери иштейт. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупцияга байланыштуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Дагы бир агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде талапкер. (SE)

XS
SM
MD
LG