Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Путин АКШны диалогго чакырды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Кошмо Штаттарга кайрылып, маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча кызматташтыкты кайра жандандырууну сунуш кылды.

Сунуштардын ичинде маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн диалогду калыбына келтирүү, маалымат коопсуздугун караган мекемелердин ортосунда үзгүлтүксүз байланышты колдоо, бири-биринин ички иштерине, анын ичинде шайлоо процесстерине кийлигишпөөгө кепилдик берүү тууралуу сунуштар камтылган.

«Бул чаралар мамлекеттерибиздин ортосунда ишеним деңгээлин көтөрүүгө, элибиздин өнүгүшүн жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган», деп белгиленет 25-сентябрда Кремлдин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Бул сунушка азырынча Вашингтон жооп бере элек.

Кошмо Штаттардын бийлиги Москваны «2016-жылдагы АКШдагы шайлоого кийлигишкен, андагы талапкер Хиллари Клинтон баштаган демократтардын электрондук почталарын талкалаган» деп айыптаган. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет.

Украина, Сирия жана Иран кризиси боюнча да тирешип жаткан эки өлкөнүн мамилеси «кансыз согуштан» берки эң начар абалда экени белгиленип жүрөт.

XS
SM
MD
LG