Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Орусияда кулаган көпүрөдө жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы оор (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева маалымдады. Анын айтуусунда 27-сентябрда көпүрө кулаганда жабыркагандардын ичинен ооруканага 51 адам жаткырылган.

"51 адам ооруканада. Экөөнүн абалы оор деп жатышат. Биздин консулдар иштеп жатышат. Ишти элчи Аликбек Жекшенкулов толугу менен өз көзөмөлүнө алган",-деди Алтымышева.

27-сентябрда Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр каттаган көпүрө кулап, анда иштеген кыргызстандык жарандар жабыркаган. Каза болгондор жок.

Бийиктиги төрт метр, узундугу 35 метр келген көпүрө ишкананын жумушчулары жөө өтүп бара жатканда кулаган.


Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, «ФМ Сидорово» ишканасында Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону айтылууда.

Москванын тергөө комитети бул окуя боюнча "эмгек талаптарынын бузулушу" деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG