Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Шинжаңда түзөтүүчү лагерлер көбөйдү


Кыргызстан Азимжан Аскаровдун өлүмүн түшүндүрө албай жатат. Шинжаңда түзөтүүчү лагерлер көбөйгөнү айтылууда.

Шиңжаңда көбөйгөн лагерлер

2017-жылдан тартып Кытайдын Шиңжаң аймагында «тарбиялоо лагерлери» улам көбөйүп бара жатканын «The Guardian» басылмасы кабарлады. Жүздөгөн саясий кайра окутуучу лагерлер курулуп, он миңдеген этникалык азчылыктын өкүлдөрү жабык жайларда «кайра тарбияланууда».

Болжол менен ушу тапта Шиңжаңдагы уйгурлар менен мусулман тектүү элдин 10 пайызы ошондой лагерлерде жашашат. Австралиядагы стратегиялык саясат институту эки жыл бою Шиңжаңды спутниктен изилдеп, аймактын жетекчиси Шохрат Закирдин 2019-жылдын декабрында айткан лагерлер жабылды деген сөзүн төгүндөп чыкты.

«Шиңжаң маалымат долбоору» аттуу иликтөөнүн натыйжасында 2017-жылдан бери 380 лагер 300 гектарлык жерге курулганы маалым болду. Шохрат Закирдин билдирүүсүнөн бир ай өтпөй эле байкоочулар спутниктен тартылган сүрөттөрдөн дагы кошумча 60 гектар жерге лагер курулганын аныктай алышканын баяндайт макаланын автору, геосаясат жана спутник анализи боюнча изилдөөчү Натан Рюзер.

Укук коргоочунун жоопсуз калган өлүмү

Стокгольмдо чыккан «EU Observer» онлайн басылмасына Андерс Петтерсон менен Музаффар Сулеймановдун абакта көз жумган Азимжан Аскаровго адилеттик талап кылган блогу жарыяланды. Анда авторлор 25-июлда пневмониядан каза болгон жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырын ушуну менен унутта калтырбоо зарылдыгын белгилешет.

«Тескерисинче, азыр Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык институттар, донорлор кыргыз бийлигинен адам укугун коргоону жана мыйзамдуулукту сактоону катуу талап кыла турган учур келди. Айрыкча Европа Биримдиги Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдө кыргыз бийлигинен адам укугун коргогон Аскаровдун өлүмүн бейтарап изилдөөнү, абактагы өлүмү жана күнөөсүз камалып отурганы үчүн үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүсүн талап кылышы керек», - деген авторлор Аскаровдун журналисттик, укук коргоочулук өмүрү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Азимжан Аскаров темир тор артында отурганда АКШнын Мамлекеттик департаментинин (2014), Кабарчыларды коргоо комитетинин (2012) жана чехиялык «Человек в беде» аттуу уюмунун (2010) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты болгон. Регионалдык «Воздух» (Аба) деп аталган укук коргоо уюмунун жетекчиси:

«Биз Human Rights Watch уюмунун жетекчиси Мира Риттмандын «Washington Post» гезитине чыккан чакырыгы, Европарламенттеги адам укугу боюнча субкомитеттин төрайымы Мария Аренанын Аскаровдун иши боюнча кайрылууларын колдойбуз. Мария Арена кыргызстандык депутаттар адам укугуна маани берүүсүнөн шек санап, жыл аягында Еврошаркет менен келишимге кол коёрдо Аскаровдун тагдырын эстен чыгарбоону эскерткен».

Авторлор андан ары маркум Азимжан Аскаровдун камалышы, он жылдан ашуун убакытка созулган соттук териштирүүлөр, эл аралык уюмдардын талаптарын тизмектешет.

«Абактагы Аскаров өмүрүн аягында катуу ооруп, дем ала албай кыйналган. Оорусунун бардык белгилери коронавирусту көрсөтүп жатса да бийлик медиага Аскаровдун саламаттыгы жакшы деген билдирүү тараткандан кийин ал дарылануудан баш тарткан. Аскаров көзү өткүчө кыргыз бийлиги туура эмес маалымат таратты. Ал соңку деми калгыча адилеттик үчүн күрөштү, эми көзү өтсө да адилеттик орношу керек. Кыргыз бийлиги катышкан эл аралык бардык форумдарда ушуну талап кылуу биздин парзыбыз», - деп жыйынтыкталат блог.

БУУ баалуу, бирок талаштуу уюм

Францияда чыккан «Le Figaro» гезити Бириккен Улуттар Уюмунун ролуна жана маанисине сереп салган. Журналист Морен Пикар «Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында 75 жылдыкка арналган мааракеде согуштагы эрдиктери, деколонизациядагы ролу жана тынчтык куруучулук иштеринин аркасы менен жүз миңдеген адамдын өмүрү сакталып калганын баса белгилейт. Качандыр бир кезде франциялык генерал Шарль де Голь БУУну «түшүнүксүз уюм» деп атаган эле. Дал ошол «түшүнүксүз уюм» 2019-жылга чейин 83 өлкөдөгү 86,7 миллион кишини медициналык тейлөө менен камсыз кылды, дүйнөдөгү балдардын жарымынан көбүн жугуштуу ооруларга каршы акысыз эмдеп, жылына 3 миллиондой өмүрдү сактап калууда.

Азыркы тапта БУУда 195 миң тынчтык сакчысы кызмат өтөп жатат. Тынчтык сакчыларынын катасы эл аралык медианын көңүлүн буруп, уюмдун аброюна шек келтирип жатат. Ассамблеяда кабыл алынган декларацияда БУУдан көңүл калуулар да болгону моюнга алынат. Дүйнө бир ордунда турбай өзгөрүп, 75 жыл мурдагыга салыштырмалуу теңсиздик, жакырчылык, аскерий кагылышуулар, террорчулук, коопсуздук көйгөйү, климаттын өзгөрүүсү жана пандемияны баштан кечирди.

БУУ 75 жылдык мааракесине катуу даярданып, дүйнө коомчулугунда түшүп бараткан аброюн калыбына келтирүү аракетинде эле. Бирок COVID-19 пандемиясы буга тоскоол болду. Анткен менен 17-сентябрда БУУнун башкы катчысынын орун басары Фабрицио Хохшильд 190 өлкөнүн 1 миллиондой тургуну арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык суралган ар бир 10 адамдын алтоо БУУ оор мезгилде абалды өзгөртө алганын айтып, катышуучулардын 74% уюмду өтө маанилүү дегенин жазды гезит.

Борбор Азиянын бийлиги картайып, эли жашарууда

«Emerging Europe» басылмасы Борбор Азияда советтик доордон калган авторитардык бийликти улам көбөйүп бараткан жаш калкы колдобой жатканын жазды. Айрыкча Казакстандагы жаштардын демократияны, жалпы эркиндикти жана мүмкүнчүлүктөрдү чектебөөгө багытталган талабы барган сайын курчууда.

Тажикстанда жана Кыргызстанда жаштар калктын басымдуу бөлүгүн түзүп, Чыгыш Европадагы демографиялык өсүүдөн ашып түштү. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, былтыр тажик жана кыргыз калкы 2,5 жана 2,1 пайызга көбөйдү. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Демек Тажикстан менен Кыргызстандын көпчүлүгү эгемендик жылдары төрөлгөн жаштардан турат.

Демографиясынан утканы менен аймак Чыгыш Европанын демократиялык өнүгүүсүнөн артта калып, дүйнөдөгү эркиндиги эң чектелүү өлкөлөрдүн катарына кирет.

2019-жылдагы «Economist Intelligence Unit» уюмунун индекси боюнча Түркмөнстан менен Тажикстан дүйнөдөгү демократиясы эч өнүкпөгөн он өлкөнүн катарында. Казакстан менен Кыргызстанда жаштар эркиндикти талап кылып жатат, бул жолго Өзбекстан да түшүшү мүмкүн экенин аймак боюнча британиялык эксперт Жон Хизершоу айтат.

Хизершоу Кыргызстан менен Тажикстан мигранттардан келген кирешеге көз каранды болгон дүйнөдөгү өлкөлөрдүн сап башында турарын, андыктан калктын эң жаш катмары кабыргасы ката электе эле миграцияга узарын да белгилеп, билими орто, кесиби жок кыргыз, тажик жаштары коңшу өлкөлөрдөн жумуш издесе, казакстандык жогорку билимдүүлөр өнүккөн мамлекеттерге көчүп кетип жатканын да кошумчалаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG