Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Жээнбеков: «Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы»


Орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келген учур. 28-март, 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келген учур. 28-март, 2019-жыл.

«Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин белгилеп, тараптардын учурдагы мамилеси эң жогорку деңгээлде экенин айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Венгрияга расмий сапар алат. Венгрияда өтчү сапары эки күнгө эсептелген.

25-сентябрда Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы сапарларды талкуулаган. Венгрияда ал премьер-министр Виктор Орбан, президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылы сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG